Баткен областынынын аймагында төртүнчү жайлоо балдар бакчасы иштей баштады

July 8, 2015, 06:00

Баткен шаарынын Арал конушундагы жайлоого чыккан ата-энелердин балдары үчүн жайлоо балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун жайлоо балдар бакчасы долбоорунун координаторунун жардамчысы Чынара Алимбердиева билдирди.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду тарабынан 2012-жылдан бери жайлоо балдар бакчасын уюштуруу колго алынган. Балдар бакчанын саны өлкө аймагында 90 го жакын. Учурда, Баткен областынынын аймагында төртүнчү жайлоо балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Балдарды жаш курагында жетишээрлик билим алуу максатында Баткен шаарына карашатуу Арал конушунда жайлоо бала бакчасы ачылды.


«Аталган жайлоо балдар бакчасына 3 жаштан 11 жашка чейинки 25 бала тартылган. Мындагы балдар күн сайын 3 саат келип билим алып, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап артараптуу өнүгүүгө тарбиячылар тарабынан кам көрүлүп келет»-дейт Арал конушундагы жайлоо балдар бакчасынын тарбиячысы Асель Мурзакарим кызы.


Өнүгүү борбордогу тарбиялануучулар үчүн А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык драма театырынын кызматкерлери тарабынан «Сутак» спектаклин коюп беришти. Ошондой эле, чыгармачыл жамаат тамашалуу оюн көрсөтүшүп балдардын көңүлүн көтөрүштү.


Жайлоо балдар бакчасынын өнүгүү борбордун ачылышы ата -энелер үчүн да жакшы саамалык болду . Анткени эс алуу мезгилинде да ар тараптуу өнүгүүсү балдардын зээндүү болушуна шарт түзөт дешет ата-энелер.


Мындай жайлоо балдар бакчасы областыбыздын Лейлек районундагы Төө жайлоосунда жана Жылгаяк-Таш конушунда да ачылган.


Баткен, 7-июль /Фарида Убайдуллаева-Кабар/.