Бишкекте Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери үчүн ачык билим берүү ресурстары темасы боюнча семинар өттү

July 8, 2015, 06:00

2015-жылдын 7-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин базасында Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлери үчүн семинар өттү.

 

Семинар учурунда шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле ар бир райондук борбор үчүн электрондук даректер түзүлдү, алар келечекте бирдиктүү электрондук таратуу жардамы аркылуу мектептер жана жогору турган башкармалыктар менен өз ара аракеттенүү үчүн пайдаланылмакчы.

 

Мындан тышкары, катышуучулар Google сервистердин мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Google disc’де сакталган документтер жана файлдар, почта боюнча баарлашуу эрежелери жана емэйл менен иштөө учурундагы коопсуздук техникалары жөнүндө биле алышты. Ошондой эле машыктыруучулар окутуу учурунда колдонууга боло турган учурдагы ачык билим берүү ресурстары тууралуу айтып берди.

 

Катышуучулар бул семинардын актуалдуулугун жана өз ишинде электрондук почтанын сервистерин жана ресурстарды пайдалануу зарылчылыгын баса белгиледи.

 

Окутуучу семинарды «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын колдоосу менен уюштурду.