FINCA Банк кайрадан «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорун колдойт

July 8, 2015, 06:00

Балдарга мектепке чейинки билим берүү маселеси коомчулукту биринчи жолу тынчсыздандырып жаткан жок. Алыскы айылдарды жана жайлоолорду айтпаган күндө да, кала берсе шаарларда да балдар бакчалары жана билим берүү мекемелери жетишпейт.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоору жай мезгилинде тоого кеткен малчылардын балдарына мектепке даярданууга мүмкүндүк берет. Окутуучулар сөз сүйлөөнү, эсептөөнү жана башка зарыл жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшө турган үйрөтүүчү сабактарды күнүнө үч жолу өтөт. Балдар бакчасынын аймагында ошондой эле медициналык пункт бар, ал жерде врач тамак-ашка көз салат, ошондой эле ар бир баланын боюн, салмагын жана абалын текшерет.

 

«Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоору бир нече жылдан бери өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылы жайлоолордо 80 балдар бакчасы ачылат деп болжолдонууда. Өткөн жылы 35 балдар бакчасы ачылган, алардын ичинен 8ин ачууну “ФИНКА Банк” жабык акционердик коому колдогон.

 

Долбоордун маанилүү экенин түшүнүп, “ФИНКА Банк” ЖАК быйылкы жылы 10 балдар бакчасын комплекттөөдө жардам берүүнү чечти. Банктын жер-жерлердеги филиалдары ресурстарды жеткирет жана расмий ачылышка катышат.

 

Жайлоодогу балдар бакчалары июлдан тартып иштеп баштайт жана жигердүүлүгүн жайдын аягына чейин улантат. Азыркы учурга карата балдар бакчаларынын тарбиячылары окутуучу машыктыруудан өттү жана балдар бакчалары ачылышка өз даярдыктарын аяктап калды.

 

«ФИНКА Банк»