И.Раззаков атындагы КМТУда табигый-техникалык сабактардын жайкы метебинин ачылышы болуп өттү

July 8, 2015, 06:00

2015-жылдын 6-июлунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте табигый-техникалык сабактардын жайкы мектебинин ачылышы болуп өттү. Бул жайкы мектепти Борбордук Азиядагы PASCH, «Мектептер: келечектеги өнөктөр», ДААД, Гёте Институту жана ZfA, И.Раззаков атындагы КМТУ уюштурду.

 

Иш-чаранын башталышында И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Туратбек Дүйшөналиев, Германиянын элчисинин орун басары Андерс Лундгрен, Кыргыз - Германиялык Техникалык Институтунун директору Анипа Усупкожоева жана Борбордук Азиядагы PASCH кыймылынын координатору Таня Фихтнер саламдашуу менен сөз сүйлөдү.

 

Сөз сүйлөгөн ар бир адам өз сөзүндө бүткүл дүйнөдө техникалык багыттагы адистер өтө талап кылына тургандыгын жана алар урматтоого татыктуу экенин белгиледи. «Биз келечектеги илимпоздорду тарбиялоонун башатында турганыбызга кубанычтабыз», – деп белгиледи өз сөзүндө Андерс Лундгрен мырза.

 

Анипа Усупкожоева кыздарды илимге жана техникага тартуу маанилүү экендигине токтолду. Ал өз сөзүндө бул багытта жигердүү иш жүрүп жатат, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Аял илимде жана техникада» программасы жагынан иштеп жатат, анын максаты техникалык адистиктерге көп сандагы кыздарды тартуу болуп саналат деп белгиледи. Бул программанын алкагында Кыргыз Республикасынын региондорунда жана Бишкек шаарында жана Ош шаарында жайкы мектептерде окуучу кыздар менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

 

Быйылкы жылы И.Раззаков атындагы КМТУда жана КГУСТАда Кыргызстанда немец тилин үйрөтүүчү жайкы мектеп жетинчи жолу өткөрүлүп жатат. Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Индиянын 10-11-класстарынын 66 окуучусу 2015-жылдагы жайкы мектептин катышуучулары болуп саналат. Окуучулардын көп бөлүгү, дээрлик 70%ы – кыздар.

 

Жайкы мектеп учурунда математика, физика, информатика сыяктуу табигый-техникалык сабактар немец тилинде өткөрүлөт. Мындан тышкары, техникалык багыттар боюнча лабораториялык иштерди, шаар боюнча экскурсияларды жана башкаларды өткөрүү процессине окуучу кыздардын катышуусу пландаштырылып жатат.

 

И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучулары жана Германиядан келген окутуучулар жайкы мектептин окутуучулары болот.

 

Салтанаттуу бөлүктөн кийин жайкы мектептин катышуучуларына жана меймандарга И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери даярдаган концерт уюштурулду, андан соң катышуучуларды багыт берүүчү иш-чаралар жана таанышуу экскурсиялары күтүп турду.