Роза Отунбаева – Кыргызстандын биринчи президент айымы

July 5, 2015, 06:00

Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандагы биринчи президент айым Роза Отунбаеванын инаугурациясы болгон учурдан бери беш жыл өттү.

 

Парламенттин экс-депутаты, мурдагы КР тышкы иштер министри Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүнө башчылык кылып калды.

 

2010-жылдагы бүткүл элдик референдумда жаңы Конституцияны киргизүү демилгеси менен бирге ал өткөөл мезгилдин президентинин кызмат ордуна бекитилди. Отунбаева мамлекет башчысынын кызмат ордун 2011-жылдын 1-декабрына, аны эл тарабынан шайланган президент Алмазбек Атамбаев алмаштырганга чейин ээледи.