eBilim мобилдүү цифралык китепканасы жайлоодогу балдар бакчаларында мейманда

July 3, 2015, 06:00

Кыргызстанда алыскы айылдардын тургундары үчүн eBilim мобилдүү цифралык китепканасы ишке киргизилди.


6-12-июлда жана 3-9-августта китепкана Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда жана Ат-Башы районунда болот.


Калыбына келтирилген микроавтобуска жайгашкан мобилдүү китепкана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймактарынын тургундарына билим жана ресурстарды алып келүү үчүн иштелип чыккан. Транспорт каражаты чакан компьютерлер жана 2000ден ашык текст, үн жана видео ресурстарды камтыган маалымат базасы менен жабдылган.


Электрондук маалымат базасы пайдалануучуларга маалыматтарды кагазга басып чыгарууга, USB, DVD, мобилдүү телефондорго жана башка түзүлүштөргө жазып алууга мүмкүндүк берет. Маалымат базасы айыл чарбасы, саламаттык сактоо, билим берүү, укук, адабият, фильмдер, жаңылыктар сыяктуу тематикалык тармактарды жана мугалимдер үчүн усулдук материалдарды камтыйт.


Цифралык ресурстардан тышкары, eBilim ошондой эле балдар китептерин жана айылдыктар түздөн-түз пайдаланышы мүмкүн болгон маалымат ресурстарын камтыйт.

  

Кең-кесири маалымат www.roza.kg сайтында жана 0 312 66 03 82; 0 558 67 88 99 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.