2015-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин «Enactus КМТУ» командасы өзүнүн мастер-класстары менен жайлоодогу балдар бакчаларына барат

July 3, 2015, 06:00

«Enactus Kyrgyzstan»программасынын улуттук мелдештеринде (үстүбүздөгү жылдын 23-майы) II орунду ээлеген «КМТУ Enactus» командасы 2015-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин Чүй (Суусамыр) жана Нарын (Кочкор) облустарына жайлоодогу балдар бакчаларына сапар тартты.


Команданын курамы: Кооманов Султан - капитан, Чокубашев Казыбек - ассистент, Момункулова Дильбара - спикер, Медербеков Байзак - спикер, Садабаева Алтынай – спикер.


Команда жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдар үчүн кызыктуу программаны даярдады. Ал вакуумдун жардамы менен сууну соруп алуу сыяктуу, стакандагы шарик жана жумуртка жөнүндө, күн мешин чогултуу тажрыйбалары (эксперименттер). Балдар жана алардын ата-энелери катыша ала турган эксперименттердин жана конкурстардын тизмеси ушуну менен эле бүтүп калбайт.


Команда колдо болгон каражаттардан жасоого боло турган жөнөкөй түзүлүштүн жардамы менен электрди алуунун альтернативдүү ыкмасын сунуш кылды. Долбоор шаардын чет жакаларында жана региондун алыскы айылдарында жашаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө багытталган. «Күн меши» – жарыктын өчүп калуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоор.


И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Enactus командасы эң жаш команда, ал үстүбүздөгү жылдын башында ачылган. 

 

Кең-кесири маалымат www.roza.kg сайтында жана 0 312 66 03 82; 0 558 67 88 99 телефондору аркылуу  алсаңыздар болот.