Ош жана Өзгөн шаарларында «Музыка – элдин дили» долбоорунун алкагында концерттер өттү

July 2, 2015, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 24- жана 25-июнунда Ош жана Өзгөн шаарларында «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын эки көчмө концерти өткөрүлдү.

 

Концерт Ошто – Ош мамлекеттик Университетинин базасында, Өзгөндө жергиликтүү маданият үйүндө өттү.

 

Ачылышында КР экс-Президент Р. И. Отунбаева сөз сүйлөдү, ал көп маданияттуу, көп этностуу коомдогу жашоо башка этностун салттарын, маданиятын урматтоону талап кылат деп белгиледи. Тарыхты, үрп-адаттарды, салттарды, музыканы, ашкананы жакшы билүү менен гана урматтоого жетишүүгө болот. Кыргызстандын ар бир этносунун өз тарыхы бар. Ал кээде Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда депортацияланган карачай, чечен, дагестан, балкар элдеринин тарыхы сыяктуу кайгы-касиреттүү. Башкаларды Кыргызстанга дунган элинин башынан өткөндөй жок болуп кетүү коркунучунан сактануу зарылчылыгы алып келген. Бирок бирге өткөргөн ондогон жылдардын ичинде Кыргызстан калкы бирдиктүү болуп, маданияттын, көркөм өнөрдүн, музыканын, ашкананын элементтери менен байыды.

 

«Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасы – бул Кыргызстан этносторунун музыкалык маданияты менен таанышуу. Концертте Бишкек шаарында болуп өткөн концерттердин мыкты номерлери, ошондой эле тажик жана татар музыкалык маданиятын билдирген номерлер көрсөтүлдү, алардын концерттери али алдыда сентябрда (татар) жана октябрда (тажик) өтмөкчү.

 

Учурдан пайдаланып, концерттерди уюштурууга жана өткөрүүгө жардам бергендиги үчүн өнөктөрүбүзгө: КР ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясына, ректор К. А. Исаков аркылуу Ош мамлекеттик Университетине, Өзгөн районунун акимчилигине зор ыраазычылык билдиребиз. Иш-чараларды чагылдырууга көрсөткөн жардамы үчүн Ош шаарынын ЖМКларына, ошондой эле ОшМУдан координатор А.Джолдошевага жана, албетте, бардык оштуктарга жана Өзгөндүн тургундарына мээримдүү кабыл алгандыгы үчүн ыракмат айтабыз.