ЖМК биз жөнүндө: Нарын облусунда жайлоодогу балдар бакчаларын ачуунун өзгөчөлүгү – кыргыз фильмдерин көрсөтүү

July 1, 2015, 06:00

Нарын районунун Эмгекчил айылында «Үч-Чат» жайлоосунда 30 орундуу балдар бакчасы ачылды. Иш-чаранын учурунда балдарга кыргыз фильмдери жана мультфильмдери көрсөтүлдү, деп билдирди Turmush’тун кабарчысы.


Балдар «Бакайдын жайыты» жана «Мен космонавт болом» фильмдерин зор кызыгуу менен көрдү. Мындан тышкары, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Нарын районунун администрациясы балдар бакчасына оюнчуктарды, канцеляриялык товарларды берди. Ошондой эле облустук китепкананын кызматкерлери балдарга китептерди таратты жана аларды окуп берди.


Жайлоодогу балдар бакчалары Нарын облусунун эң алыскы: Соң-Көл, Арпа, Сары-Тоо, Каманды, Босого, Беш-Белчил, Кызарттын бели, Ок-Торгой, Көлмө, Чой-Жап, Каратал-Жапырык жана Солтон-Сары жайлоолорунда ачылганы белгиленет.


Ат-Башы районунда жайлоодогу 8 балдар бакчасы, Ак-Талаа районунда 4 балдар бакчасы, ошондой эле Жумгал районунда жайлоодогу 4 балдар бакчасы, ал эми Нарын районунда 4 балдар бакчасы ачылды. Облуста аба ырайы жаанчыл болушуна байланыштуу өткөн жылга салыштырганда жайлоодогу балдар бакчалары10 күнгө кеч ачылды.


Turmush