Ош облусунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени аяктады
June 29, 2015, 06:00Ош облусу боюнча «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени аяктады.
2015-жылдын 24-июлунда №69 «Мээрим» балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн балдар жазуучусу Амангелди Мисиров үн чыгарып китеп окуп берди. Ал балдарга өзүнүн «Кыялбектин Жомогу» китебинен жомокторду окуду, балдарга абдан кызыктуу болгондуктан, алар жомокторду биринин артынан бирин окуп берүүнү өтүнүп жатты. Андан соң Кербен Жапалак айылындагы «Актан» балдар бакчасына барды, ал жерде да балдар жазуучусу Амангелди Мисиров өзүнүн сонун жомокторун окуп берди.
2015-жылдын 25-июлунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Өзгөн шаарында, Кара-Шоро айлындагы жайлоодо болду, ал жерлерде Жазуучулар союзунун Ош облусу боюнча төрагасы Турабай Жороев балдар үчүн жылдыз болду. Балдар кубанычка бөлөндү.
Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду китеп окууга коомчулуктун кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу процессине балдарды максималдуу тартуу үчүн ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» девизи астында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын жыйынтыгын чыгарып жатат.