Роза Отунбаевага Гянджа университетинин дүйнөлүк маданият жана билим берүү тармагындагы Ардактуу доктору наамы ыйгарылды.

October 3, 2012, 06:00

Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы дипломатиялык миссясы, 2012-жылдын 28-30 сентябрында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Гянджа шаарына болгон сапарын кабарлайт. Роза Отунбаева Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, Низами эл акынынын 870 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга күбө болду.


Иш чараны Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Мадрид клубу уюштурган. Айтмакчы бул клубда Р.И Отунбаева мүчөлүктө турат.


Маалымат: Мадрид клубу —эл аралык коомчулукта демократия жана өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө жаралган көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм. Ал дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн 80 мурунку президент жана премьер-министрлерден турат. Мадрид клубу экс-өлкө башчы жана өкмөт башчылардын дүйнөсүндөгү ири форум болуп эсептелет. 2002-жылы түзүлгөн. Демократиялык институттарды бекемдөө жана саясый конфликттерди чечүү боюнча кеңеш берүү маанилүү эки тармакта иш алып барылат: демократиялык жетектөө жана кризистик ошондой эле кризистен кийинки абалдарда иш алып баруу. Мадрид клубу өкмөттөр, өкмөттөр аралык уюмдар, жарандык коом, окумуштуулар менен бирге иш алып барат. Ошондой эле Мадрид клубу демократияны орнотобуз деген өткөөл өлкөлөргө кеп кеңеш берип, техникалык консультация берүү үчүн натыйжалуу ыкмаларды издөө менен алектенет.


Р.Отунбаева Низаминин мекени болгон Азербайжандагы Гянджа шаарында Низами атындагы эл аралык борбордун негиздөөчүлөрүнүн жолугушуусунда сөз сүйлөп,ошондой эле Низами Гянджеви 870 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.


Кыргыз Республикасынын экс-президентине Гянджа универтитетинин дүйнөлүк маданият жана билим берүү тармагы боюнча Ардактуу доктор наамы ыйгарылып, Низами Гянджеви атындагы мааракелик медаль тапшырылды.


Сапар учурунда Р.И.Отунбаева Азербайжандын вице-премьер министри Э.Эсендиев, Азербайжан маданият жана туризм министри А.Гараев, Гянджи шаарынын мэри Э..Велиев жана Латвиянын экс-президенти Латвин В Фрайберг, Азербайжана илимдер академиясынын президенти Н.Ибрагимов, Александр китепканасынын жетекчиси И.Сарагельдин, жана башка маданий-илимий адистер менне жолугушту.


Низаминин чыгармачылыгына арналган эл аралык конференцияда дүйнөнүн 46 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышышты. Р.Отунбаева менен биргеликте салтанаттуу иш чараларда КР жогорку кеңешинин депутаты Э.Эрматов жана КР маданият министринин орун басары К.Кулуев катышкан.