«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени 1-июнда Баткен районунун Ак-Суу айылында болду (фото)

June 2, 2015, 06:00

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени 1-июнда Ак-Суу айылында болду. Жолугушууга жүзгө жакын балдар келди, ал эми бул күнү алар үчүн КР Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева жылдыз болду.

 

Колдоруна шариктерди жана гүлдөрдү көтөргөн, майрамдагыдай кооз кийинген балдарды бул жолугушуу болуп көрбөгөндөй таңдандырып жана шыктандырды, анткени аларга өлкөнүн Вице-премьер-министри күнүгө эле жомок окуй бербейт.