Кыргызстандын экс-президенти Д-р Р.И.Отунбаева Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолугушуп, Бакунун Эл аралык Гуманитардык Форумунда сөз сүйлөдү.

October 6, 2012, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Д-р Р.И.Отунбаева Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолугушуп, Бакунун Эл аралык Гуманитардык Форумунда сөз сүйлөдү. 


Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева 5-октябрда Бакуда ачылган Эл аралык Гуманитардык форумда сөз сүйлөдү.Жыл сайын өтчү бул Форумда дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген коноктор катышат. Алардын ичинде Литва, Эстония, Латвия, Хорватия, Румыния, Болгариянын мурунку президенттери, илимдин ар кайсы чөйрөлөрү боюнча Нобель сыйлыгынын 10 лауреаты бар.


Күн мурун 4-октябрда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин Азербайжан Президенти И.Алиев менен жолугушуусу болуп өттү. Мында кыргы-азербайжан эки тараптуу кызматташууну чыңалоо жана өнүктүрүү маселелери каралды.


Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы дипломатиялык миссиясы тарабынан дайындалды.