Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаеванын Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү

May 27, 2015, 06:00

2015-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын Кореяда жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууга эмгек мигранттарынын жана студенттердин өкүлдөрү, Кореянын жарандарына турмушка чыккан аялдар, ошондой эле «Биримдик» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катышты.

 

Роза Отунбаева Кореянын Инчхон шаарында (19-22-майда) өткөн Дүйнөлүк билим берүү фонумунун ишине өзүнүн катышуусу жөнүндө айтып берди, өзү башчылык кылган «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун ишмердиги жөнүндө маалымдады, ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүшүнүн жолдору жана Евразиялык экономикалык бирликке киргенден кийинки республиканын келечектери жөнүндө өз ой-пикирлерин мекендештер менен бөлүштү. Мекендештерди чет өлкөдө жүргөндө тажрыйбаны жана билимдерди максималдуу алууга, андан соң аларды Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн ар кандай тармактарда пайдаланууга аракеттенүүгө чакырды.

 

Өлкөбүздүн азыркы күн тартибинин ар кандай темаларына дискуссиялар болду, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстанда билим берүүнү жакшыртуунун, өлкөнү экономикалык жана саясий өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулады. Кыргызстандыктар өлкөдө болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир катар кызыктуу сунуштарды жана долбоорлорду айтып берди, ошондой эле маңыздуу жолугушуусу Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаевага ыраазычылык билдиришти.