Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Корея Республикасына визити

May 28, 2015, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева 2015-жылдын 27-майында Сеулда Кореянын алдыңкы Ханкук университетинде Кыргызстандагы экономикалык жана демократиялык өнүгүүнүн маселелери жана көйгөйлөрү жөнүндө лекция окуду.

 

Ошондой эле ал 2015-жылдын 19-22-майында Инчон шаарында Глобалдык билим берүү Форумуна катышты, анда 2015-2030-жылдардагы мезгилде дүйнөдө билим берүүнү өнүктүрүүнүн багыттары иштелип чыкты.

 

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Корея Республикасынын вице-премьери, билим берүү министри Хванг Уё мырза, Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин президенти Ким Ёнг Мок менен жолугушту, жолугушуулардын жүрүшүндө Кореяны өркүндөтүүдө билим берүү өзөктүү роль ойногон өлкөнүн билим берүүсү жана тажрыйбасын иликтөө жагынан эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.

 

Р.Отунбаева студенттер, магистранттар, диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушту, аларды мигранттар өз айылына, өз шаарына жардам беришинин мыкты тажрыйбасын жайылтуу үчүн кызматташтыкка чакырды.