Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева Азербайжан дипакадемиясында болду

October 7, 2012, 06:00

2-октябрда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Азербайжан дипакадемиясында болду. (АДА). 


АДА ректору , тышкы иштер министринин орун басары Хафиз Пашаев мейманга академиянын түптөлүү тарыхы, ишмердүүлүгү жана эл аралык кызматташтыгы тууралуу кененирээк айтып берди. АДА, 2006-жылдын 6-мартындагы Президент Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык жаралган. Ачылган күндөн тартып алдынкы максаттардан квалификациялуу дипломатиялык кадрларды дайындап жана эл аралык мамилелер боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүнү тандап алган. 2007-жылы туптөлгөндөн тартып 400 жаш дипломаттар дайындалган. 2009-жылдан бери бул жогорку окуу жайда окуутуу программасын кеңейтүүгө белсенип, “Эл аралык байланыш жана дипломатия” тармагында магистратура прграммасын ишке ашыра баштады. Былтыртан тарта бакалаврлардын “Бизнести жана эл аралык мамилелерди башкаруу” адистиктери жаралган. 


Учурда бул адистиктерде 250 студент жогорку билим алып келишүүдө. Ошондой эле академияда башка 19 өлкөдөн келген 35 студент окуйт. 


Президент Ильхам Алиевдин буйругуна ылайык 2009-жылдан тарта жогорку окуу жайдын жаңы имаратын куруу иштери башталган. Атайы дизайны менен жаңы окутуу комплекси EYP америкалык компаниясынын долбооруна ылайык жогорку стандарттар менен курулган. Бул окуу жай дүйнөлүк университеттердин тажрыйбасына таянуунун негизинде жана жаңы жогорку технологиялардын жетишкендиктерин колдонуу менен курулган. Мында төрт башка имарат бар- бизнес жана эл аралык мамилелер институту, студенттик борбор, жана китепкана. Азербайжанда алгачкы жолу бул окутуу комплекисинин вентиляция системасы геотермалдуу энергия менен ишке ашууда. 


Андан соң Роза Отунбаева академиядагы шарттар менен таанышты. 


Мында билим берүү англис тилинде жүрүп, дүйнөдөгү алдынкы университеттерден келген 35 окутуучу ошондой эле 15 профессор билим берет. 


Окуу имаратынын төрт кабаттуу китепкана корпусу менен таанышып жатып, Роза Отунбаевага 120 миң китеп англис тилинде экени маалымдалды. 


Академия менен таанышуу Роза Отунбаевага чоң таасир этти. “Тышкы саясатта ийгиликке жетишүүдө өзгөчө ролду эн биринчи дипломатия ойнойт. Бул академия эл аралык майданда Азербайжандын позициясын бекемдей турган борборлордун бири болооорун ишеничин артам”-дейт Роза Отунбаева 


АзерТАдж