Экс-президент өлкө аялдары менен сыймыктанууга чакырды

October 8, 2012, 06:00

“Өлкөдөгү жогорку кызматтарды аялдар ээлеп отурганына мен сыйсыктанам”, – деп “Сапатка жетүү стратегиясы: Кыргызстанда жана Орто Азия мамлекеттеринде аялдардан ишкердик тажрыйбасы” аттуу аймактык конференцияда экс-президент Роза Отунбаева билдирди. 


“Менимча бул бизде болгонуна ар бириңер сыймыктанат болушуңар керек. Бир жарым жыл мурда өлкөдөгү абал кыйын учурда мага мамлекетти башкаруу мадаты берилди. Мамлекеттеги Жогорку сот судьясы – аял, Баш прокурор – аял, Улуттук банктын башчысы да – аял жана финансы министрлигин да аял башкарып атат”, – дейт ал. 


Отунбаева гендердик тең салмактуулук өнүгүүгө жардам бере турганын белгиледи.


“Вечерний Бишкек”