Экология - желим баштыктар чоң зыян алып келүүдө

May 27, 2015, 06:00

Кыргызстан аймагында полиэтилен баштыктарын өндүргөн 34 ишкана бар. Желим баштыктар болжол менен 200 жылга чейин чирибейт. Ал эми балык уулоого багытталган Кытайдан чыгарылган синтетикалык торлор суу астында 50-100 жылга чейин жатаарын жана уулу зат бөлүп чыгарарын депутат өз сөзүндө белгиледи. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева желим баштыктар арзан жана ыңгайлуу болгону менен айлана-чөйрөнүн көркүн бузуп,экологияга зыян тийгизип жатканын айтып, анын алдын алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканы маалым болгон. Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун колдоого алып, анын ордуна кагаз баштыктарды өндүрүү же сатып алууну жолго коюу, же болбосо көп ирет пайдалануучу сумкаларды пайдалануу керектигин айтышты. Учурда мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Ошондой эле, бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюла турган болду.