КР экс-президенти Роза Отунбаева Баткен облусунда жамааттык бала бакчаларды ачуу боюнча ЮНИСЕФтин тажрыйбасы менен таанышат

October 10, 2012, 06:00

2012-жылдын 9-11-октябрында Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонатан Вейч менен жамааттык бала бакчаларды ачуу боюнча ЮНИСЕФтин тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Баткен облусуна сапар тартты. 

Визитте ЖК билим берүү, илим маданият жана спорт комитетинин мүчөсү Эгемберди Эрматов, билим берүү министринин орун басары Кендербаева Докдургүл, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жеңиш катышты. 

Сапар “480 сааттык мектепке чейинки милдеттүү даярдыкты илгерилетүү” долбоорунун алкагында болууда. 

“Сапаттуу жана жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүүнү жайылтуу азыр Кыргызстандын алдында турган маанилүү маселе” деп билдирет “Роза Отунбаеванын” демилгеси Эл аралык коомдук фонду. 

“Роза Отунбаеванын” демилгеси Эл аралык коомдук фондунуну ишмердүүлүгү мектепке чейинки билим берүүдө ар кандай форма жана программаларды киргизүү, ошондой эле Кыргызстандагы 5-7 жаштагы балдардын милдеттүү мектепке чейинки даярдыгына мамлекеттик колдоону көбөйтүүго багытталган. 

Кошумча маалымат үчүн 90-19-56 тел же электрондук дарекке кайрылса болот: pr@roza.kg