Табылды Эгембердиев заманыбыздын залкар инсаны эле

May 17, 2015, 06:00

 

Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы чыгаан лидерлердин бири Табылды Эгембердиев дүйнө салды. Коомдук ишмер, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 1990-жылдардын башында демократиялык процесстердин жанданышы менен жигердүү позицияларын билдирип, элге кеңири таанылган. Кыргызстанга кайра куруу саясатынын илеби менен келген “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздегендердин бири болгон. Ошол жылдарда коомчулукта чоң резонанс туудурган бул кыймылдын катчысы катарында жигердүү иштеген.

 

Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан кийин көпчүлүк алып сатуу менен алек болуп жаткан чакта, Табылды Эгембердиев 1992-жылы “Шоро” компаниясын негиздеген. Талбаган аракеттин, изденүүнүн натыйжасында бул компания бир канча багыттарда иш алып барган, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган эл аралык мекеменин деңгээлине көтөрүлдү. Бул ишкананы бутка тургузууда инженер катарында ойлоп табуулары, изденүүлөрү замандаштарга үлгү болуп саналат. Эгерде 1990-жылдардын башында: “Кыргыздын максымы дүйнөлүк брендке айланат, ири бизнес долбоор болот” десе эч ким ишенейт эле. Табылды Эгембердиевдин генийлиги, өжөрлүгү, талбаган эмгенинин натыйжасында бүгүнкү күндө бул реалдуулукка айланып отурат.

 

1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылы коммунисттик режимге каршы ар кандай жүрүштөрдү уюштуруп, саясий ачкачылык жарыялаганда көч башында жүрүп, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн, идеяга берилендигин көрсөткөн. Ошол эле мезгилде коомдун жигердүүлүгүн арттыруу максатында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдары демократиялык баалуулуктардын кеңири жайылышына көмөкчү болгон.

 

Адам катары шайырдыгы, карысы-жашы менен дагы жеңил тил табыша билип, кыйын кырдаалдарда юмор менен чыга билген дипломат экендиги көпчүлүк тарабынан айтылып келет.

“Супара” улуттук этнографиялык комплексин негиздегенге чейин эл Табылдыны инженер жана чыгаан ишкер катары таанып келсе эми ал мыкты архитектор экендигин көрсөтө алган. Шаардын тургундары жана чет элдик коноктор үчүн кайталангыс борбор түзүү идеясын жаратып, аны ийгиликтүү ишке ашырган. Азыркы күндө “Супара” улуттук этнографиялык комплекси эс алуучу, тамактануучу жай гана болбостон, Улуттук каада-салттарды даңазалай турган борборго айланды. “Бешбармакфест”, “Ордо” улуттук оюндары сыяктуу ири иш-чаралардын өтүп келгендиги мунун далили боло алат. “Ордо” улуттук оюндарын каржылап эле тим болбостон федерациянын президенти катары анын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.

 

Демөөрчүлүк кылууда да өзгөчө алдыда болгон. Кыргызстанда болуп өткөн 2005, 2010-жылдардагы революцияларда борбордогу бардык дүкөндөр жабылып, эл суусап, каны катып жаткан мезгилде камаздар менен калың элге суу, максым тараткандыгын элдик уул деп сыпаттоого болот.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондундагы ар кыл долбоорлор менен тыгыз кызматташ болгон. Билим берүүнүн өтө актуалдуулугун терең аңдаган инсан катары үч жылдан бери Бишкекте өткөрүлүп келе жаткан “Билим фестивалынын” дайымкы өнөктөшү болуп саналат. Мекедештер-2012, Мекендештер-2014 форумдарында жигердүү катышып келген.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, КР экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн жана фондунун атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Табылды Эгембердиевдин жаркын элеси, бийик адамкерчилик сапаты, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы демократияны калыптандырууда, жашоого жана ишке чыгармачыл мамиле жасоодогу өрнөк инсандын бири катары түбөлүк эсибизде калат.