Экс-президент Р.Отунбаева Жумгалга барды

October 22, 2012, 06:00

КР экс-президенти Роза Отунбаева «Балдарды мектепке даярдоо» жана башталгыч класстагы окуучулардын абалы менен таанышуу максатында 20-октябрь күнү Нарын областынын Жумгал районунда болду. Иш сапарынын жүрүшүндө экс-президент менен чогуу ЖК депутаты Чолпон Султанбекова, КР Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев келип катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирет.

Экс-президент Р.Отунбаева Доскулу айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектептин бош бөлмөлөрүнөн орун алып, 3-жылдан бери иштеп жаткан бюджетке карабаган «Нуржаз» балдар бакчасында болуп, бакчанын абалы менен таанышты. «Нуржаз» балдар бакчасы айыл тургундарынын жана ата-энелердин жардамы менен каржыланып иштеп келаткандыгын жана ал бала-бакчаны бюджетке каратып берүүлөрүн айыл тургундары суранышты. Бул сунушка экс президент Р.Отунбаева: «азыркы заманда бекер эч нерсе жок, бюджетибизге 23 млрд сом жетишпей жатат. Ошон үчүн биздин келгенибиздин себеби – ушу Кыргызстан боюнча 6 жаштагы балдарды окутуу деген менен жүрүп атабыз, ушуларды сөзсүз окутушубуз керек. Жок дегенде балдарыбыз бала-бакчага келишсин десе, анда ата-энеси акча төлөшү керек», – деди ал.

Андан соң экс-президент Чаек айылына келип, райондук мамлекеттик администрациясында жалпы айыл өкмөттөрүнүн башчылары, башкы эсепчилери жана мекеме жетекчилер менен бир катар социалдык тармактардын, билим берүү тармактарынын кызматкерлерине жыйын өткөздү. Жыйында балдарды 6 жаштан баштап мектепке даярдоо боюнча жана бюджетке карабай жаткан балдар бакчалары боюнча талкуу жасашты, жыйында айыл өкмөт башчылары, билим берүү тармагынын кызматкерлери мектептеги 11 класс окуу тармагын жоюп, 10 класс бойдон калтырууну жана 1-4 класстагы балдарга ысык тамак берилүүсүнүн кереги жоктугун, ошондой эле балдар-бакчаларындагы окуу куралдардын жетишсиздигин айтып кайрылышты.