Жыл башынан тартып 119 балдар бакчасы мамлекеттин менчигине кайра кайтарылды – Д.Ниязалиева

April 25, 2015, 06:00

2015-жылдын башынан тартып 119 балдар бакчасы мамлекеттин менчигине кайра кайтарылды. Бул жөнүндө бүгүн III Билим берүү фестивалынын ачылышында сөз сүйлөп жатып вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

 

Анын айтымы боюнча, өз учурунда көптөгөн мамлекеттик балдар мекемелери менчиктештирилип жана сатылып кеткен. «Азыр биз мекемелерди мамлекеттин балансына кайра кайтаруу жагынан иш жүргүзүп жатабыз. 2 жаштан 6 жашка чейинки бардык балдар мектепке чейинки билимди алышы үчүн биз дагы 2 миң 300 балдар бакчасын курууга тийишпиз. Ошондой эле биз жеке балдар бакчалары ачылышы үчүн мыкты шарттарды түзөбүз», – деп белгиледи Д.Ниязалиева.

 

Ал ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашы өтө маанилүү роль ойнойт деп белгиледи. «Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 800 мектепте окуучуларга ысык тамак камсыз кылынган жана мектептердин саны жыл сайын план ченемдүү түрдө көбөйө берет», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кабар