Экс-президент Роза Отунбаева Бакай-Ата айылында алгачкы бала бакча ачат

October 23, 2012, 06:00

2012-ж. 25-октябрында КР экс-президенти Р.И. Отунбаева Талас облусуна сапар тартып, Бакай-Ата айылында алгачкы бала бакчанын бет ачарына катышат. Иш сапар «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ балдарды мектепке чейинки даярдыгы альтернативдүү ыкмаларын, анын ичинде бала-бакчалардын жана мектептердин алдындагы 3-саатык билим беруу группаларын ачылышын илгерилетүү проекттин уландысы болуп эсептелет.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Компаньон каржы фирмасынын» колдоосу менен Бакай-Ата айылындагы алгачкы бала бакчанын ачылыш салтанатына катышып, 557 500 сомго мекемени тиешелүү эмеректер менен жабдышат. Иш чарада ошондой эле жергиликтүү айылдык округдардын башчылары катышат.

Сапардын алкагында Р.И. Отунбаева Ак-Сай айылында ачыла турган бала бакчанын базасы менен, Көк-Ой айылындагы “Асель” бала бакчасынын базасы менен таанышат. Ошондой эле Талас облусунун коомчулугу менен жолугушуп, мектепке чейинки билим берүү маселесин талкууга алат.

Маалымат:

Билим берүүнүн өнүгүүсүн, айрыкча мектепке чейинки билим берүүнү колдоо, фонддун 2012-жылдагы маанилүү демилгелеринин бири. Өлкөбүздө болжол менен балдардын 13% мектепке чейинки мекемелерге барышат, элет жеринде болсо болгону 5 %. Өкмөт көрүп жаткан чаралар менен бирге фонд калктын мектепке чейинки билим берүүгө аз тартылуусу маселесин чечүү аракетинде. Ошондой эле билимди жайылтып, эрте окутуунун маанисин түшүнүү менен бирге, өлкө ичинде тажрыйба алмашып, тарбиячы жана мугалимдерди такай окутуп турууну көздөйт.