Бишкекте III Билим берүү фестивалы - экофестиваль ачылды

April 24, 2015, 06:00

Бүгүн Бишкекте Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) III Билим берүү фестивалынын – экофестивалдын ачылышына туш келтирилген салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Бул фестивалды уюштуруучулар болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, К.И. Скрябин атындагы КУАУ саналат.

 

Экофестиваль масштабдуу «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык аң-сезимди жана жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун компоненттеринин бири болуп эсептелет.

 

КР экс-президенти Роза Отунбаева белгилегендей, бул иш-чара – калк үчүн маанилүү окуя. «Бул фестивалды өткөрүүнүн максаты – балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу. Биз балдарды өсүмдүктөрдү кантип өстүрүү керек экенине үйрөткүбүз келет, анткени мектепте бизге муну үйрөткөн эмес, ал эми азыркы жаштарда ушунун бардыгын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар», – деп айтты Р.Отунбаева.

 

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева жеке Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан бул долбоорду демилгелегени үчүн Р.Отунбаевага ыраазычылык билдирди. «Бул иш-чара бизди жана балдарды экологиялык көйгөйлөр жөнүндө ойлонууга үйрөтөт жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат. Биз сырттан карап турган байкоочу болбостон, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын катышуучулары болууга тийишпиз», – деп белгиледи Р.Атамбаева.

 

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардын мэриясы бул демилгени үчүнчү жыл колдоп жатат деп белгиледи. «Фестивалга келгениңер үчүн ыракмат, демек, шаардын тагдыры силердин баарыңарга кызыктуу. Биз ушул долбоордун уюштуруучулары менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да колдойбуз», – деп айтты шаар башчысы.

 

Фестивалдын меймандарына жана өкүлдөрүнө мастер-класстарга жана экологиялык чыйырлар боюнча экскурсияларга катышууга, 3D-планетарийде экология жөнүндө фильмдерди көрүүгө, «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасы» аянтчасында шаардын бардык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берилди.