Бишкектеги экофорум: мектеп окуучуларына бак отургузууну үйрөтүштү

April 26, 2015, 06:00

Бишкекте бактарды туура отургузууга жана өсүмдүктөрдү багууга үйрөтүп жатат. Тажрыйбалуу адистердин көз салуусу менен мектеп окуучулары жана студенттер шаарды жашылдандырууда. Экофорумга катышуу үчүн миңдеген улан-кыздар келди. Улуттук музыканы угуу, унду жана каймак майды кошуу менен салтка айланган таза чайды даярдоо, ошондой эле фестивалда ар бир адам себеттерди сокконду үйрөндү. Мастер-класстар алты аянтчада өттү, деп билдирет «МИР 24» телеканалынын кабарчысы Жайнагуль Раимкулова.


«Балдарга өтө кызыктуу. Алар бир нерселерди үйрөнүүгө аракет кылып жатат, мисалы, үйүндө алчаны кыйыштырууну жана көбөйтүүнү, андан соң өздөрүнүн классташтарына берүүнү каалайт», – дейт токойчулук жана мөмө чарба кафедрасынын доценти Кубанычбек Тургунбаев. Камила мурда Билим берүү фестивалдарына келген эмес. Бирок быйылкы жылы анын багыты жөнүндө билип, келүүнү чечкен. Мугалимдин жетекчилиги астында өзүнүн биринчи багын отургузду. Эми мындай майрамдарды тез-тез өткөрүп туруу керек деп эсептейт. «Мен бул бакты биринчи жолу отургуздум, мага абдан жакты. Буга чейин мен бир да бак отургуза элек болчумун. Бул абдан кызыктуу болду, жаңы бир нерсени үйрөнүп алдым», – деп белгиледи 11-класстын окуучусу Камила Токтосун Кызы.


Экофестивалдын уюштуруучусу Роза Отунбаева да өзүнүн балатысын отургузду. Анын пикири боюнча, билим күндөрү өтө зарыл. Алар балдарга келечектеги кесипти тандоого жардам берет жана аларда өз жерине болгон сүйүүсүн жана жаратылышты сактоого умтулуусун тарбиялайт. «Үйрөтүү башталганда, адамдар муну кантип жасоо керектигин билгенде гана бардык иштер алга илгерилейт, - деп эсептейт считает Отунбаева. - Ошондуктан үйрөтүүчү аянтчалар керек». Фестиваль эртеден кечке чейин болду. Ага Бишкектин 1,5 миңден ашык мектеп окуучулары катышты. Алардын көпчүлүгү эколог болууну чечти. Билим берүү фестивалы Кыргызстанда 2013-жылдан бери өткөрүлүүдө. Форумдун куратору – республиканын экс-президенти Роза Отунбаева.



© МТРК «МИР»

http://mir24.tv/