Фонддун 2015-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

May 1, 2015, 06:00


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун

2015-жылдын МАЙЫНА

ИШ-ЧАРАЛАРЫНЫН ДАЙДЖЕСТИ

 


 

 

1-май - Экинчи "ТазаБИШ"– ыктыярдуу экологиялык десант акциясы

Убактысы: 11-00

Орду: Ботаникалык бакча

Аймакты катуу биологиялык калдыктардан жана куураган жалбырактардан тазалоо.

Каалагандардын бардыгы чакырылат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

1-май - «Гений» радио берүүсү (кыргыз тилинде)

Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

Кезектеги «Гений» радио берүүсү. Тема: Азыркы мектепке чейинки балдардын оюндарынын психологиялык өзгөчөлүктөрү.

Программаны алып баруучулар: Гулзада Медералиева жана Асылбек Жоодонбеков. Программанын мейманы: педагогика илимдеринин доктору Таалай Үмөтов.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596

 

 

4-15-май - Тренингдердин окутуучу цикли төмөнкүдөй темада Ош облусунун жергиликтүү адистери, жамааттары үчүн 15 пилоттук жана пилоттук эмес мектепте «КРда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо»

Өткөрүү орду: Ош облусу, Кара-Кулжа, Ноокат, Араван райондору

Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу программасын турмушка ашыруу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ата-энелердин жана активисттердин) маалымдар болушун арттыруу, анын ичинде мектеп тамак-ашын уюштурууда, КР пилоттук мектептеринде азык-түлүктү сатып алууда жана берүүнүн ачыктыгын арттырууда жардам берүү. Мындан тышкары, максаттуу топтордун мектеп тамак-ашын уюштурууга катышуу мүмкүнчүлүгүн талдоо зарыл.

Жамаат мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча программанын жүрүшү жана натыйжалары, пилоттук мектептерде жаңы моделдерди киргизүүнүн оң тажрыйбасы, мектеп тамак-ашын уюштурууга жамааттардын жана ЖӨБОнун катышуусунун тажрыйбасы жөнүндө маалымдар кылынат.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0772328 807

 

 

7-май – “Мекендештер” долбоорунун алкагында төмөнкүдөй темада "Аракет" дискуссиялык клубу: «Кыргызстандын табигый таштары. Мүмкүнчүлүктөр жана экспорт»

Өткөрүү убактысы: 18:30-20:30

Өткөрүү орду: Сиерра Кофейнясы, Таш Рабат

Сөз эмне жөнүндө болот: Ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана ата-мекендик продукция жөнүндө маалыматтарды чет өлкөлөрдөгү мекендештерге таратуу.

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0555203949 Banur.abdieva@gmail.com, 0553416049 Jannat.kt@gmail.com

 

 

8-май - «Гений» радио берүүсү (орус тилинде)

Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

Тема: Мектепке чейинки курактагы балдарды балдар бакчасына көндүрүү. Студиядагы эксперттер: балдар бакчасынын башчысы, балдар психологу.

Программаны алып баруучулар: Гулзада Медералиева жана Асылбек Жоодонбеков

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660 386, 0771 388 596

 

 

12-20-май “Мекендештер” долбоорунун алкагында региондор боюнча ишсапарлар.

Өткөрүү орду: Ош, Жалал-Абад, Баткен

«Мекендештердин ийгиликтеринин тарыхы» үчүн маалымат чогултуу.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0555203949 Banur.abdieva@gmail.com

 

 

12-14-май – «Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында пилоттук мектептерде долбоордун ийгиликтерин талкуулоо үчүн жолугушуулар жана пилоттук эмес мектептер менен салыштыруу

Өткөрүү орду: Ош облусу, Кара-Суу, Ноокат, Араван райондору

Жолугушуулар пилоттук долбоорго катышпаган мектептерди мектеп тамак-ашын ылайыкташтырууга мобилизациялоо максатында жана мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын турмушка ашырууда жергиликтүү жамааттардын потенциалын жогорулатуу үчүн өткөрүлөт.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0772328 807

 

 

15 мая - «Гений» радио берүүсү (кыргыз тилинде)

Убактысы: c 13-30 до 14-00

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 же www.ktrk.kg онлайн)

Тема: Кыргызстанда балдар китептерин чыгаруу жана алардын жеткиликтүүлүгү.

Катышуучулар: КР Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жана балдар жазуучусу Сулайман Рыспаев.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738

 

 

16 мая - «Музыка – элдин дили: орус музыкалык маданияты»

Өткөрүү убактысы: 17.00

Өткөрүү орду: Молдобасанов атындагы Консерватория (Жантөшев 115)

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-84, 0772 800 376

 

 

19- жана 22-май – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында балдарга китеп окууну кенже курактан тартып өнүктүрүүгө жана алга илгерилетүүгө багытталган программаларды турмушка ашырууда коңшу өлкөлөрдүн (Россия жана Казакстан) ийгиликтүү тажрыйбасын иликтөө максатындагы семинар.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бардык ата-энелерди, мугалимдерди, тарбиячыларды, студенттерди «Шикула» басма үйүнүн башчысы Людмила Кирилинская (Казакстан) жана «Бампер» долбоорунун жетекчиси Анна Кожевникова (Россия, Москва) менен жолугушууга чакырат, алар өз тажрыйбасынын мисалында өз өлкөлөрүндө балдар үчүн китеп окууну жайылтуу жагынан өз тажрыйбасы жөнүндө айтып берет.

Эркин форматта балдар китептерин жайгаштыруу кагаз китептердин жетишсиздигин, атап айтканда, айылдардагы жетишсиздигин чечүү үчүн альтернатива болуп калат.

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627 aishacoalition@gmail.com

 

 

20-май - “Мекендештер” долбоорунун алкагында «Кыргызстанда мини ГЭСтерди өнүктүрүү. Өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр» темасындагы "Аракет" дискуссиялык клубу.

Өткөрүү убактысы: 18:30-20:30

Өткөрүү орду: Сиерра Кофейнясы, Таш Рабат

Кирүү акысыз.

Ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана ата-мекендик продукция жөнүндө маалыматтарды чет өлкөлөрдөгү мекендештерге таратуу.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0555203949 Banur.abdieva@gmail.com, 0553416049 Jannat.kt@gmail.com

 

 

22-23-май - «Китеп окууга карата сүйүүнү балдарга кантип каныктыруу керек?» лекторийи

Өткөрүү убактысы: 11.00-15.00

Өткөрүү орду: кошумча билдирилет

Чакырылган эксперттер: Людмила Кирилинская (Казакстан), Анна Кожевникова (Россия)

Алдын ала каттоо боюнча кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-84, 0772 800 376

 

 

22-май - «Гений» радио берүүсү (орус тилинде)

Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

«Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү» темасына эксперттер «Шикула» басма үйүнүн башчысы Людмила Кирилинская (Казакстан) жана «Бампер» долбоорунун жетекчиси Анна Кожевникова (Россия, Москва) менен маектешүү.

Программаны алып баруучулар: Гулзада Медералиева жана Асылбек Жоодонбеков

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738

 

 

15-майдан тартып 30-июлга чейин – КРнын 7 регионунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербенинин экинчи этабы.

Бул акция чоң кишилер балдарга китеп окуп берүүсүн, китеп окууга үйрөтүүнү жайылтуу жана кенже курактан тартып китепти сүйүүнү каныктыруу максатында өлкөнүн 7 облусунда балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүнү камтыйт.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0550776627 aishacoalition@gmail.com

 

 

16-майдан тартып 28-майга чейин – «Жайлоодогу балдар бакчаларында мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы балдарды өнүктүрүү» темасына КРнын бардык облустарында жайыт комитеттери жана жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн 3 күндүк тренингдердин окутуучу цикли

Кайда жана качан: 16-18-май, Баткен

19-21-май - Ош-Жалал-Абад

23-25-май - Чүй, Талас

26-28-май - Нарын, Ысык-Көл

Төмөнкүдөй максатта тренингдер өткөрүлөт:

- Жайыт комитеттеринин жана жайлоодогу балдар бакчалары боюнча тарбиячылардын маалымдар болушун арттыруу.

- Ата-энелер, жергиликтүү жамааттар жана балдар менен иштөө боюнча компетенттүүлүктү жогорулатуу.

- Жумуш дептерлери менен иштөө боюнча практикалык жөндөмдөр.

- Жайлоодогу балдар бакчаларынын ишин пландаштыруу.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0556 549154

 

 

29 мая - «Гений» радио берүүсү (кыргыз тилинде)

Убактысы: 13-30дан 14-00гө чейин

Кайда: КТРК 1-радио ( FM 104. 1 же www.ktrk.kg онлайн)

Тема: Балдардын эс алуусун уюштуруу. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселелери.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738

 

 

Ошондой эле майда төмөнкүлөрдү өткөрүү пландаштырылып жатат: 

- Эко-селфи конкурсун

- Фотосүрөттөрдүн “Эко-фотоаңчылык” конкурсун

Конкурстар жөнүндө маалыматтар кошумча жарыяланат. Биздин сайттагы жана http://festival.roza.kg/ сайтындагы жаңылыктарга көз салгыла.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

Формалдуу эмес Мекендештер-клубунун жолугушуусу. Анара Кулмамбетовадан презентация: «ОАЭнин жарандык авиациясында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү».

Өткөрүү датасы жана орду кошумча жарыяланат.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0555203949 Banur.abdieva@gmail.com, 0553416049 Jannat.kt@gmail.com

 

 

«Ачык билим берүү ресурстары» долбоорунун алкагында электрондук почтаны түзүү жана жүргүзүү боюнча Бишкек шаарынын мектептеринин администрациялары (директорлору жана директорлорунун орун басарлары) үчүн лекторийлерди өткөрүү.

Бул лекторийге катышууга Бишкек шаарынын бардык мектептеринин администрацияларынын өкүлдөрү чакырылат.

Маалымат: gulzada.urgunalieva@gmail.com