«Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын мүчөлөрү КИТ-форумга катышты

April 29, 2015, 06:00

«Ачык билим берүү үчүн» коалициясынын өкүлдөрү КИТ-2015 маалыматтык технологиясынын V Кыргызстан форумунун алкагында презентация өткөрдү. Коалициянын төрагасы Чоробек Сааданбеков Коалицияны түзүүнүн тарыхы, анын пландары жана ага кирүү шарттары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Коалиция ачык билим берүү ресурстары боюнча көрсөтмөлүү дебаттык раундду өткөрүүнү демилгеледи, ага «Манас» КТУдан “Real Barsa” жана “Жез Тандай” командалары катышты.

 

Иш-чаранын алкагында автордук укук, электрондук башкаруу, ачык маалыматтар жана электрондук билим берүү, маалыматтык коопсуздук жана жекече маалыматтарды коргоо, Кыргызстанда IT-бизнести жана стартаптарды колдоо, ошондой эле Интернеттеги негизги тенденциялар маселелери козголду.

 

Маалымат үчүн: «Ачык билим берүү үчүн» коалициясы – бул билимдерге жана ачык билим берүү ресурстарына («АБР)» эркин жеткиликтүүлүк идеяларын өнүктүрүү жана алга илгерилетүү максатында билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу бирикмеси. Коалицияга мүчөлүк ачык. Коалициянын максаттарына жана милдеттерине кошулган жана Кыргызстанда ачык билим берүүнү алга илгерилетүүгө салым кошууга кудуреттүү болгон бардык жактар Коалициянын ишине катышууга чакырылат.

 

Алда канча кең-кесири маалымат үчүн төмөнкүдөй даректерге кайрылгыла: chorobek@gmail.com Чоробек Сааданбеков gulzada.urgunalieva@gmail.com Гульзада Ургуналиева.