«Устат» долбооруна катышкан кыздардын IT компанияга визити

April 30, 2015, 06:00

29-апрелде «Устат» долбооруна катышкан кыздар IT компаниясына барды, ал жерде маалыматтык технологиялар боюнча, атап айтканда, азыркы дүйнөдөгү социалдык масс-медианын ролу жөнүндө тренинг өттү.


Avisa Technolgies компаниясынын негиздөөчүсү IT технологияларынын маанилүүлүгү жана пайдалануу интерфейсинин өзгөрүшү менен соңку он жылда, жакынкы келечекте (2020-жылдарга карата) бул жагынан адистердин талап кылынышы өсө тургандыгы жөнүндө айтып берди.


Катышуучу кыздарга адис алар келечекте кайсы тармакта иштегиңер келет деген суроону берди. Кыздар инженер-геолог, нейрохирург, программист, архитектор, менеджер, финансист болууну каалагандыгын жана башкаларды айтты. Спикер күндөлүк турмушта технологияларды өздөштүрүүгө байланыштуу компьютердик сабаттуулук жагынан билимдерди өркүндөтүү ар кандай тармактардагы адистерге алда канча сапаттуу натыйжаларды берүүгө мүмкүндүк түзөт деп түшүндүрдү.


Веб-дизайнер верстальщик менен бирге кантип иштейт, дизайнер экрандан эмненин көрүп турат, ал эми верстальщиктин экранында эмне көрүнүп турат – мына ушулардын бардыгын кыздарга мастер-класс көрсөтүп берди. Мастер-класстын жүрүшүндө веб-сайт кантип түзүлө тургандыгынан тышкары, компаниянын кызматкерлери программа түзүүнүн терең билимдерин талап кылбаган жеңил типтеги сайттарды түзүү үчүн кандай заманбап шаблондук ресурстар бар экендигин көрсөттү. Ошондой эле татаал алгоритмдер математикалык теңдемелерди чечүүнүн жардамы менен кандай түрдө жеңилдетиле тургандыгын көрсөттү.


Кыздар өздөрүн кызыктырган, мисалы, Кыргызстанда орун алган иштеп чыгуулар жөнүндө, IT-тармагындагы мансап жөнүндө жана Силикон өрөөнү жөнүндө суроолорду бере алды.


«Устат» долбооруна катышкан, келечекте программист болууну калаган кыздарга компанияда жайкы стажировкадан өтүүнү сунуш кылышты, ал жерде алар өздөрүн кызыктырган багыттар боюнча үйрөнө алат.


Тренингден кийин кыздар Улуттук китепканада өткөн форум-2015 КИТке барды.