Планетадагы кыргызстандыктарды Мекендештер кеңеши бириктирет

May 2, 2015, 06:00

2015-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешти түзүү жөнүндө» №266 токтом чыгарды.


Мындай Кеңешти түзүү зарылчылыгы жөнүндө чечим «Мекендештер 2014: Кыргызстандын келечегине салым» экинчи форумунун 2014-жылдын июлунда дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген катышуучулары тарабынан айтылган. Мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш жөнүндө жобонун долбоору «Мекендештер Форумунун» веб платформасында 2014-жылдын ичинде жана 2015-жылдын башында активдүү талкууланды.

 

Миңдеген кыргызстандыктар, планетанын ар кандай булуң-бурчтарында жашаган мекендештерибиз ар кыл коомдоштуктарга биригип, диаспораларды түзүүдө. Алардын көпчүлүгү биргелешип же жекече Кыргызстандын өнүгүшүнө алда канча максатка багыт алуу менен жардам берүүгө ниеттенип гана тим болбостон, өзүнүн кичине жана чоң Мекенинин өнүгүшүнө салым кошуп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешти түзүү мекендештер менен өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого, алдыңкы билимдерди жана технологияларды тартуу жана пайдалануу боюнча ишти жөнгө салууга жардам берет.

 

«Мекендештер» Форуму – бул

• «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгелеринин бири

• бүткүл дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктарды бириктирүү жана Кыргыз Республикасында адамдык капиталды башкаруу платформасы

• байланыштарды издөө жана мекендештер Кыргызстандын өсүү жана гүлдөп-өнүгүү процесстерине кошкон же кошо ала турган кыйла салым.

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы

www.roza.kg

www.mekendeshter.org

Тел.: 66-03-68, 0556 205305

Эл.почта: office@roza.kg