БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ - 2015

April 22, 2015, 06:00

Үчүнчү Билим берүү фестивалы: Эко-фестиваль – бул 6 интерактивдүү аянтчалары/класстары бар эки күндүк шаардык фестиваль.


Коом үчүн сапаттуу билим берүүнүн маанилүүлүгүнө жана артыкчылыгына басым жасоо менен биринчи Билим берүү фестивалы 2013-жылы (18-19-май) өткөн жана өзү жөнүндө балдар, ошондой эле чоң кишилер жана борбор шаардын меймандары үчүн керектүү жана актуалдуу иш-чара катары билдирген.


2014-жылы өткөн экинчи Билим берүү фестивалы техникалык кесиптерге кызыгууну кайра жаратууга, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга багытталган.


2015-жылдагы үчүнчү Билим берүү фестивалы: эко-Фестиваль масштабдуу «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ – ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан демилгелеген. 


Максаттары:

 балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу

 сырттан карап байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү

 сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү болуп саналган бул эко-долбоор 2015-жылдын январында ишке киргизилген жана Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы жана экологиялык уюмдар менен бирдикте турмушка ашырылып жатат. Бул эко-долбоордун алкагында ар кандай иш-чаралар (Мугалимдер үчүн лекторий, Окуучулар үчүн билим кербени, ТазаБИШ) өткөрүлүп жатат, ошондой эле эко-маданият боюнча видеороликтердин сериясы телекөрсөтүү жана социалдык булактар аркылуу таратылып жатат.

 

Биздин шаардын мыкты салты болуп калган 3-Билим берүү фестивалы 2015-жылдын 24 – 25-апрелине пландаштырылган.

 

Үчүнчү Билим берүү фестивалынын: Эко-фестивалдын аянтчалары/класстары:

1. Бардыгы үчүн билим /Кесиптик Форум

2. Билимбектин лабораториясы

3. Көргөзмө-ярмарка

4. Эко-базар

5. Спорт классы

6. Концерттик-бий классы

 

24-апрелде (жума) Фестиваль К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин короосунда жана имараттарында өтөт, ал жерде ар бир каалаган адам К.И. Скрябин атындагы КУАУ жана анын лабораториялары боюнча экскурсияларга катышып, экология, айыл чарбасы жана ветеринария жагынан эксперименттерди жана демонстрацияларды көрө калат. Университеттин Коллекциялыкпитомнигиндебиогумусту жана компосту даярдоо технологиясын айтып берет жана көрсөтөт, ландшафттыкдизайнды, газондорду күтүүнү жана көптөгөн башка нерселерди көрсөтөт.


Ошондой эле Кесиптик Форумдун алкагында удаалаш эле инновациялык окутуу ыкмалары боюнча мугалимдер үчүн Шаардык жашыл маектешүү, презентациялар жана мастер класстар өтөт, мектеп парламенттеринин лидерлери ийгиликтүү эко-долбоорлор жана ар кандай жаштар уюмдарынын акциялары, анын ичинде экинчи жолку чийки затты чогултуу жана кайра иштетүү боюнча акциялар менен таанышат. Эртеден кечке чейин мектеп эко-викторинасынын катышуучулары үчүн күйөрман болууга, планетарийдин көрсөтүү залында фильмдерди көрүүгө, Борбордук Азиядагы биринчи «Суу Музейине» барууга, ал эми түштөн кийин КВН «Эко-Кубогунда» эс алууга жана шаардын эң мыкты КВН командаларынын тамашаларын көрүүгө болот.

 

25-апрель (ишемби) – Эски аянттагы, Эмен сейил багындагы, "СЕЙТЕК" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборундагы, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрындагы, ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аянтчалар/класстар.

Фестивалдын меймандары таң калычтуу майрамга аралаша алат, ал жерде балдар менен чоң кишилер кызыктуу мастер-класстарга жана экологиялык чыйырлар боюнча экскурсияларга катышып, планетарийдин көрсөтүү залында экология жөнүндө фильмдерди көрүп, «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасынын» аянтчасында шаардын бардык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө биле алат. Мындан тышкары, каалагандар Спорт аянтчасында ар кыл спорт мелдештерине катышып жана америкалык футбол жөнүндө билет, Гүлдөр көргөзмө-ярмаркасында сүйүктүү гүлдөрдүн жана өсүмдүктөрдүн касиеттери жөнүндө билет, «Эко-базарда» экологиялык таза товарларды, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүктүн буюмдарын сатып алат, Курманжан Датканын эстелигинин жанында концертти маашырланып угат, мастер-класстарда ("Концерттик-бий" классы) Шаардык бийлерге катышып жана кесипкөйлөрдөн социалдык бийлерди бийлөөнү үйрөнө алат. Китеп окууну сүйгөндөр үчүн «Китеп текчеси» классы каралган. Фестивалдын кенже меймандары үчүн – биздин «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциябыз (Эмен сейил багынын галереясы жана боз үй), Жазуучулар Союзунун верандасында балдар жазуучулары менен жолугушуу, Орус драма театрында жомок, ал эми мектеп окуучулары үчүн – "Сейтек"балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда ушу спектакли.

 

Бүтүндөй алганда, 2 күндүк майрамга шаардын 100дөн ашык уюму катышат.

 

Билим берүү фестивалы: 2015-жылдагы Эко-фестиваль К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) жана Бишкек шаарынын Мэриясы менен илимий-техникалык кызматташтыкта өткөрүлүп жатат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы

Билим берүү фестивалынын программасы жана роликтер төмөнкү сайттарда:

www.roza.kg ; festival.roza.kg

Тел.: 66-03-68, 0556 205305

Эл.почта: office@roza.kg