Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана Европадан келген эксперт турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын башкаруу көйгөйлөрүн талкуулап жатат

April 18, 2015, 06:00

Бишкекте 17-апрелде мэрдин кеңешчилери, борбор шаардын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын (МИ) начальниги, «Бишкек санитардык полигон» МИ начальниги жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары (ТКК) боюнча Европадан келген эл аралык эксперт Педер Бисберг ТККны туура пайдалануу маселелерин талкуулап жатат.


«Бишкекке салыштырганда Европада таза. Европада кала берсе курулуш материалдары да кайра иштетилет. Ар бир үй чарбасы айына $100 бөлөт. Акчаны муниципалдык органдар салык катары чогултат. Тургундар салыкты төлөөгө аргасыз, антпесе алар үйүнөн ажырап калат. Чогултулган каражаттардын зор бөлүгү картонду, кагазды кайра иштетүүгө кетет», – деп айтты эл аралык эксперт Педер Бисберг.


Анын айтымы боюнча, тургундар ТККны туура сорттоо жөнүндө билет. «Жарандарга адегенде эскертишет, андан соң таштандыны туура эмес сорттогондугу үчүн айып салышат», – деп белгиледи ал.

АКИpress


Ал эми биз болсо, өз кезегинде, силерге Женевада жашаган мекендеш кызыбыз даярдаган видеоролик менен таанышууну сунуш кылабыз.