Мекендештер Форумунун байгесине футболдук матч жазындагыдай шаңдуу өттү

April 17, 2015, 06:00

2015-жылдын 17-апрелинде Мекендештер Форумунун байгесине достук футболдук матч мекендештерди бириктирүү үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен, жазындагыдай шаңдуу, спорттогудай динамикалуу өттү. Катышкан командалар өздөрүнө, атаандаштарга жана көрөрмандарга, күйөрмандарга мыкты футболду көрсөттү. Он-лайн трансляция болду, матч жөнүндө маалымат твиттер, инстаграм, FB аркылуу таратылды. Азыркы учурда каалаган ар кандай адам оюнду бул жерден кайталап көрө алат http://mekendeshter.org/club/friendly-football-forum-mekendeshter.php - бул формалуу эмес Мекендештер клубунан чоң эмес белек. Ышкыбоз күйөрмандар өзүнүн деми, тамашалуу жана шыктандырган кыйкырык-сүрөөсү менен оюндун көркүн чыгарды.

 

Мыкты голду №15 Бернацкая Вероника киргизди, «Азалия 1» командасы (ФФКР улук өспүрүм кыздар командасы), КГАФКтын студенти.

 

Футболистка Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү болуп саналат, 10 жылдан ашык мезгилден бери футбол менен машыгат, Спорттун чебери болуп эсептелет. Машыктыруучу жана команда боюнча курбулары белгилегендей, «ал максатка умтулган адам, ишин айкалыштыруу менен судья да болуп саналат. Дүйнөлүк деңгээлдеги судья болууну жана футбол боюнча Дүйнөнүн Чемпионатына барууну эңсейт. Кыргыз улуттук тамактарын, өзгөчө боорсокту абдан жакшы жасайт, кыргызга турмушка чыгат беп ойлойбуз».

 

№11 Боронбекова Айжана матчтын мыкты оюнчусу деп табылды, мартта Айжана 15 жашка толду, ал футбол боюнча U-16 Улуттук кыздар курама командасынын мүчөсү. Курбулары аны мындайча мүнөздөйт: «Токтоо жана тил алчаак, аракетчил, ишеничтүү оюнчу. Аны жаны жай албаган адам деп атоого болот!». Судьялардын, оюнчулардын жалпы пикири боюнча, атайын байге – «Мекендештер Форуму» 17-апрель 2015» деген оюп жазылган жазуусу бар кубок дал ага №11 Боронбекова Айжанага тийди.

 

Эске сала кетсек, Мекендештер Форумунун достук матчында мелдешүү ниетин билдирген командалар төмөнкүлөр болду:

• КР Футбол федерациясынын өспүрүм кыздар футбол командасы төмөнкүдөй эки топтон турду: улуусу - «Азалия 1» жана кенжеси «Азалия 2»

• Kyrgyz Union Malaysia

• FLEX

 

Оюндун жыйынтыктары:

«Азалия 1» - «Kyrgyz Union Malaysia» эсеп 5:7

«FLEX» - «Азалия 2» эсеп 0:5

 

Футбол федерациясынын Финансылоо жана башкаруу департаментинин өкүлү, ишин айкалыштыруу боюнча судья Шыгаев Рахатбек Саламатович, ошондой эле Өнүктүрүү жана региондук ассоциациялар департаментинин өкүлү, ишин айкалыштыруу боюнча судья Даниленко Спартак Владимирович оюндун судьялары болду.

 

Матч аяктагандан кийин да, күн батайын деп калганда, прожекторлор күйгөндө да талаа ээн калган жок, анткени «Kyrgyz Union Malaysia» командасынын уландары жана «Азалия 1» командасынын кыздары матч реваншта күч сыноону чечти.

 

Азыркы учурга карата матчка көз салган чет өлкөдөгү эң активдүү күйөрман али аныктала элек. Атайын байгенин ээси, биздин чет өлкөдөгү мекендеш уланыбыз же кызыбыз Интернеттин социалдык булактарын ачып көргөндөрдү эсептегенден жана анын активдүүлүгүн аныктагандан кийин почта аркылуу белек алат.

 

«Мен сөзсүз Кыргызстанга кайтып келем жана өлкөгө кандай болсо да жардам берүүгө аракет кылам. Чоң футболго чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон таланттуу спортсмендерге жардам берүү жана өлкөдө бул спортту өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасоо керек», – дейт «Андерлехт» командасынын өкүлү жана 15 жашынан тартып Бельгияда кесипкөй футбол ойногон Алманбет Турдубеков.

 

Биз Алманбетти Кыргызстанда күтөбүз, биз силерди, кымбаттуу мекендештер, футболдук матчтарда күтөбүз, матчтарды мындан ары Мекендештер Форумунун байгесине уюштуруп турабыз, ошондой эле биз бүткүл дүйнөдөн күйөрмандарды талаада гана эмес, ошондой эле биздин төмөнкүдөй веб платформабызда күтөбүз www.facebook.com/mekendeshter           www.mekendeshter.org.