Р.Отунбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик органдарына жайыттарда жайкы балдар бакчаларын уюштурууну сунуш кылды

April 17, 2015, 06:00

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева 17-апрелде Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жөнүндө Turmush кабарчысы билдирет.

 

Жолугушууда Р.Отунбаева жергиликтүү бийлик органдарына жайыттарда жайкы балдар бакчаларын уюштурууну сунуш кылды.

 

Ал өткөн жылы бүткүл өлкө боюнча жайыттарда 35 балдар бакчасы ачылганын айтып берди. Үстүбүздөгү жылы 100 балдар бакчасын ачуу пландаштырылып жатат. «Мындай балдар бакчалары малчылардын балдарын мектепке чейинки даярдоого мыкты өбөлгө болуп калат. Булар мурдагы пионер лагерлери сыяктуу эле мекемелер. Өткөн жылы ушундай балдар бакчаларында куурчак театрлары оюн койду, биз ал жакка чет өлкөлүк студенттерди жөнөтүп турдук», – деп билдирди ал.

 

Ал жайыт комитеттери ушундай балдар бакчаларын ачууга көмөк көрсөтүүгө тийиш деп белгиледи.

 

Turmush