Жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында социалдык маалыматтык-билим берүүчү беш видеоролик түзүлдү

April 17, 2015, 06:00

Экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында экологияга жана экологиялык билим берүүгө арналган үчүнчү Билим берүү фестивалынын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Events.kg» студиясы менен бирдикте 5 видеороликтен турган серияны түздү. 


Роликтер жергиликтүү телеканалдар боюнча көрсөтүлөт жана социалдык тармактар боюнча таратылат, ошондой эле Билим берүү фестивалынын сайтына жайгаштырылат. 


«Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору үчүн маалыматтык медиа материалдардын сериясынан экинчи роликти көргүлө.


"Таштандынын да өз үйү бар"