“Билим кербени”

February 26, 2013, 06:00

26-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунан Билим кербени кёч алат. Анын алкагында эксперттер, КР өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жергиликтүү калк менен жолугушуп, мектепке чейинки сапаттуу билимге болгон мүмкүнчүлүк, мектеп жашына чейинки куракта китеп окуунун мааниси, аялдар ден-соолугу жана айыл жаштарынын адистикти туура тандоо менен байланышкан көйгөйлөрдү кеңири талкулашат. 

Кыргызстанда мектепке чейинки билим алуу маселесин тез арада ылдамдык менен чечүү абзел. Учурда мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү менен балдардын 14% пайызы гана камтылган. Балдарыбыздын эрте өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп, мектеп жашына чейинки куракта китеп окуунун кеңири жайылтуу жана ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктун аракети менен китепканаларды колдоо, жааматтык балабакчаларды ачуу жана кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо топторун түзүү эсептелет. 

Элеттеги аялдардын ден-соолугунун абалы да өтө маанилүү маселе. Андыктан жолугушууларда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ден – соолук комитеттеринин биргеликте иштөө, ооруларды алдын ала эскертүү жана коркунучтардын негизги факторлору тууралу кеңири жайылтуу маселелери каралат. 

Жогорку деңгээлдеги ички миграция менен экономиканын аймактардагы бир калыпта эмес өнүгүүсүн эске алганда, адистикти тандоодогу кесиптик багыт алуу окуучулар үчүн өтө маанилүү болот. Айыл жаштарынын конкурентүү жана талаптарга ылайык билим алуусу айылдардын жана бүтүн өлкөнүн өнүгүүсүн бекемдетет. 

Билим кербени «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондусунун жана Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФдин биргеликтеште аракети. 

Кошумча маалымат тууралу фонддун пресс-кызматына төмөнкү телефондор менен кайрылсаңыздар болот: 660 382, 0772 800 376