Демилге улантылууда: «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсү Берлинде

April 7, 2015, 06:00

Берлиндин ортосунда Бранденбург дарбазасынан алыс эмес жерде «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Көргөзмө 2015-жылдын 1-апрелинде ачылган жана 22-апрелге чейин уланат. Ачылыш аземине көптөгөн саясатчылар, элчилер жана коомдук ишмерлер катышты. Бундестагдын вице-президенти Й.Зингхаммердин сүйлөгөн сөзүн белгилеп кетүү керек.

 

Көргөзмөнүн меймандарына Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль да кайрылды.

 

Мындан тышкары, Кыргыз-герман маданий коомунун мүчөсү д-р М.Хартвигдин жана «Лира» интеграциялык коомунун мүчөсү Вальтер Гаукстун коштоосунда көргөзмө боюнча экскурсия өттү. Айтмакчы, Вальтер Гаукс көргөзмөнү ачуунун модератору болду.


 



Көргөзмө Германиянын Федералдык ички иштер министрлигинин жана Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат. ФРГ ИИМи да Берлинде көргөзмөнү ачуу аземин колдоду. Көргөзмө үчүн материалдар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Лира» интеграциялык коому тарабынан берилди.



 

Көргөзмөнү уюштуруучулар:

1. Кыргыз Республикасынын ФРГдагы Элчилиги

2. Россиялык немецтердин землячествосу

3. Россиялык немецтердин землячествосунун жаштар канаты

4. «Лира» интеграциялык коому

 


 

Фото: Дмитрий Гребенщиков жана Елена Арент

http://www.dg-news.eu/wystawka-w-berline-nemzy-w-istorii-kyrgistana/