Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер

April 6, 2015, 06:00

Жалал-Абад шаарынын Т.Тыныбеков атындагы филармониясында 3-апрелде экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен аялдардын региондук форуму өттү.

 

Жолугушуунун негизги тематикасы – Кыргызстандын өнүгүшүнө айымдардын салымы жана алардын азыркы коомдогу ролу. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү, алардын жарандык коомдогу ролу, экономиканы өнүктүрүүгө салымы менен байланышкан маселелерди, ошондой эле балдар менен аялдарга карата зомбулук маселелерин талкуулады.

 

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери, активист аялдары, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарынын активисттери катышты.

 

Түштөн кийин Роза Отунбаева облустук жайыт комитеттери менен жолугушту. Бул иш-чаранын алкагында жайыттардагы балдар бакчаларынын мааниси жана орду талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары менен балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүнүн маселелери талкууланды. 2015-жылы жайлоолордо балдар бакчаларын ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп кылышты.

 

SONY компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын кыргыз тилиндеги «Үч жаштан кийин кеч» китебинин презентациясы өттү. Бул китепти кыргыз тилинде басып чыгарууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду демилгелеген.

 

Ноокен районундагы Момбек жайыт комитетинин төрайымы Төлөнова Калбүбү балдарда зарыл жөндөмдөрдү калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө айтты, Ошондуктан бардык айымдарды бул иште жигердүү болууга чакырды.

 

Ноокен районундагы Кеңеш жайыт комитетинин төрагасы Азим Можиев бул демилгенин маанилүүлүгүн жөнүндө жана жер-жерлерде болгон потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтты, биргелешип иштесек мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө болот деп белгиледи.