3-апрелде «Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн «Финансылык сабаттуулуктун негиздери» тренинги өттү

April 5, 2015, 06:00

2015-жылдын 3-апрелинде «ФИНКА Банк» ЖАК «Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча тренинг өткөрдү.

 

Тренинг учурунда финансылык сабаттуулук деген эмне экендиги, жеке бюджетти кантип жүргүзүү керектиги жөнүндө темалар козголду, бюджетти жүргүзүүнүн жана анын артыкчылыктарынын мисалдары келтирилди.

 

Андан соң катышуучу кыздарга аманаттын формалары жөнүндө, депозиттик эсепти ачуу жана акчаны кандай ыкма менен топтоого боло тургандыгы жөнүндө айтып беришти. Мисалга алсак, эгерде ар айдагы кирешеден ай сайын 10%дан топтой берсе, айрым мезгил өткөндөн кийин олуттуу сумманы топтоп коюуга болот.

 

Бүгүнкү күндө дал жаштар арасында финансылык сабаттуулуктун мыкты эрежелерин үйрөтүү зарылчылыгы пайда болду, бул алар жашоонун чоң жолуна түшкөндө өздөрүнүн финансылык каражаттарын башкара билиши үчүн зарыл.