Экс-президент Р.Отунбаева: Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде жана табигый кен чыккан жерлерде иштей албайт?

April 5, 2015, 06:00

Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде, Иштамберды жана Бозымчак кендеринде иштей албайт? Бул жөнүндө 3-апрелде Жалал-Абадда аялдардын региондук форумунда экс-президент Роза Отунбаева форумдун катышуучуларына кайрылуу менен айтты.

 

Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, Жалал-Абад облусу – жаратылыш ресурстарына бай регион. «Бул өнөр жайлуу регион, ал жаратылыш ресурстарына жана энергия булактарына бай. Биздин айымдарды геологиялык чалгындоо, нефть-газ өнөр жайы менен байланышкан кесиптерди үйрөнүүгө кызыктыруу керек. Муну бүгүнкү күндүн акыйкаты талап кылат. Эмне үчүн кыргыз аялдар Бозымчакта, ГЭСтерде, Иштамбердыда иштей албайт? Биз Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонууга тийишпиз, биздин айымдарды бул кесиптерге үйрөтүү зарыл деп эсептейм. Биз өлкөнү жалаң эле кол өнөрчүлүк менен өнүктүрө албайбыз. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагийма Жалал-Абадда 5 артель ачкан. Биз Социалисттик эмгектин баатыры Өлмөскан Атабекова, пахта өстүрүүчү колхоздо бригадир болуп иштеген Асылкан Акматова менен сыймыктанабыз. Бардыгы анын бригадасына таң калышат, ал «он алты кыз» деп аталган», – деп айтты ал.

 

Р.Отунбаева ошондой эле өткөн жылы 3000ден ашык аялдар менен балдар зомбулукка дуушарланганын белгиледи.