Жалал-Абад облусунда 1958 аял жетекчи кызматтарда иштейт

April 3, 2015, 06:00

1-январдагы абал боюнча, Жалал-Абад облусунда 1 млн 110 миң 900 адам жашап турган, алардын ичинде 553 миң 600 аял бар же 49,8%. Бул жөнүндө 3-апрелде Жалал-Абаддагы аялдар форумунда өкмөттүн региондогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева айтты.

 

Анын айтымы боюнча, региондо аялдар коомдук турмушка жана экономикалык иштин ар кандай чөйрөлөрүнө жигердүү катышат. «Мисалы, өнөр жай секторунда калктын иш менен камсыз болушу – 8,9%ды, саламаттык сактоо чөйрөсүндө – 20,3%ды, билим берүү чөйрөсүндө – 55,1%ды, мамлекеттик кызматта 4,9%ды түзөт. Облуста 1958 жетекчи аял бар, бул 16%ды түзөт», – деп айтты ыйгарым укуктуу өкүл.

 

Ж.Эгамбедиева ошондой эле шаардык жана жергиликтүү кеңештердин 1517 депутатынын ичинен 134ү аял, бул 11,3%ды түзөт деп белгиледи. «Бүгүнкү күндө облустун 12 район жана шаарында 10 аял жетекчилердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары болуп саналат», - деди ал.