Эми Билим берүү фестивалынын жаңылыктарына көз салуу оңой болуп калды – долбоордун өзүнүн сайты бар

April 6, 2015, 06:00

Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы Билим берүү фестивалы 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өткөрүлүп келет. Бул долбоор өзүнө балдар жана мектепте билим берүү чөйрөсүндө ярмаркалардын, эс алуу борборлорунун, балдардын чоң майрамынын жана кесипкөй форумдун форматын айкалыштырат.


Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимдерге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөөнү каныктыруу. Ошондой эле эң кенже куракта эле өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулуу, ошондой эле ата-энелер үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (акысыз жана акы төлөтүүчү) кеңири спектрин билүү жана алар менен таанышуу.


Фестивалдын катышуучуларынын курамы ар түрдүү. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасында балдар үчүн ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөр - билим берүүчү маданий жана спорттук мекемелер, соода компаниялары жана дүкөндөр, балдар клубдары жана өнүктүрүүчү борборлор, китеп басмалары, музейлер, театрлар, тематикалык парктар жана башкалар сунуш кылынган.


Фестивалдын аудиториясы – мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар, улан-кыздар, ата-энелер, ошондой эле мектепке чейинки мекемелердин педагогдору, психологдору жана билим берүү чөйрөсүнүн башка өкүлдөрү.


Үчүнчү Билим берүү фестивалы Эко-Фестиваль  2015-жылдын 24 – 25-апрелинде Бишкек шаарында өтөт.


Эми Билим берүү фестивалынын бардык жаңылыктарына көз салуу оңой болуп калды – долбоордун төмөнкүдөй өз сайты бар http://festival.roza.kg/.


Сайтта силерди көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалымат күтөт:


Долбоордун бардык жаңылыктары, албетте, «ЖАҢЫЛЫКТАР» бөлүмүндө.


Алдыдагы бардык окуялар, иш-чаралар жөнүндө «АНОНСТОР» бөлүмүнөн билүүгө болот.


«ПРОГРАММА» жана «КАРТА» бөлүмдөрү силерге фестиваль күндөрүндө кайда, эмне жана качан болоорун билүүгө жардам берет.


Билим берүү фестивалынын «КАТЫШУУЧУЛАРЫ» жана «ӨНӨКТӨРҮ» жөнүндө бардыгын тиешелүү рубрикалардан билүүгө болот.


Өтө ышкыбоздор үчүн «БУЛ КЫЗЫКТУУ» жана «ЭКО-КАПЧЫК» деген атайын бөлүмдөр бар.

 

Ушулар жана көптөгөн башкалар http://festival.roza.kg/ сайтында