«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү жана экологиялык эксперттер эртең мененки «Замана» программасында сөз сүйлөдү

April 2, 2015, 06:00

Бүгүн, 2-апрелде, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун менеджери жана «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясынын координатору Сүйүндүк уулу Данияр, ошондой эле эко-эксперттер Эмиль Шукуров менен Илья Домашов Коомдук биринчи каналга «Замана» программасына чыгып, көчөттөрдү туура отургузуу жөнүндө айтып берди.

 

«Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясынын максаты мектептердин аймагында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени мектептин жанын жашылдандыруу ар кандай мектептин жанындагы участокту көрктөндүрүүнүн милдеттүү курамдарынын бири болуп эсептелет. Бактарды отургузуу үчүн №91, №83, №78, №72, №51 жана №2 пилоттук мектептер тандалган.