Балдар китебинин эл аралык күнүнүн урматына Баялинов атындагы китепканада «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

April 2, 2015, 06:00

2015-жылдын 2-апрелинде балдар китебинин эл аралык күнүнүн урматына Баялинов атындагы китепканада кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Белгилүү ырчы жана актриса Чолпонай иш-чаранын мейманы болуп калды. Ал балдар чыгармаларын эки тилде: немец жазуучусу Александр Штеффенсмайердин «Лизелотта: охота на почтальона» жомогун – орус тилинде, Бозум Алышбаевдин «Мен көргөн кызыктар» чыгармасын кыргыз тилинде окуп берди. Бул китептер NGO Bookstall’да сунуш кылынган.

 

Чолпонай өтө кызыктуу жана уккулуктуу окуду, 60ка жакын бала аны кунт коюу менен укту. Жолугушуунун жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургуль Кендирбаева сөз сүйлөдү. Ал балдарды өнүктүрүү үчүн аларга китеп окуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди жана ата-энелерди бул маселеге маани берүүгө чакырды. «Китеп окумайынча бизде өз алдынча ой жүгүртүүгө, талдоого кудуретсиз муун өсүп чыгат», – деп баса белгиледи ал.

 

Андан соң балдар өздөрүнүн музыкалык номерлерин көрсөттү: ырдашты, кара жоргону бийлешти, ырларды айтып беришти.

 

Бул долбоор 2013-жылдан бери ишке ашырылып жатат. Ушул мезгилдин ичинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ар кыл ушундай ар түрдүү 100дөн ашык иш-чараны өткөрдү, аларга 3000ден ашык бала катышты.

 

Белгилеп кетели, бул долбоордун максаты – маданияттын жана көркөм өнөрдүн, спорттун жана саясаттын белгилүү ишмерлерин тартуу менен балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окууну алга илгерилетүү аркылуу үй-бүлөлөрдүн, ата-энелердин, айылдык китепканалардын потенциалын күчөтүү.

 

Бул иш-чараларды жүргүзүүгө кеңири коомчулук, анын ичинде белгилүү медиалык адамдар, саясатчылар, артисттер, балдар жазуучулары жана акындар, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү жагындагы эксперттер, тарбиячылар, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын өздөрү тартылат.