Табигый-илимий жаатындагы мугалимдер үчүн семинар-тренинг «Биздин жашоодогу илим. Вена шаарындагы илимий борбордун тажырыйбасы.»

March 11, 2013, 06:00

Табигый-илимий жаатындагы мугалимдер үчүн семинар-тренинг 

«Биздин жашоодогу илим. Вена шаарындагы илимий борбордун тажырыйбасы» 

15 – март 2013 г. 

И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекетти университети 

Семинар-тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду менен биргеликте Вена шаарындагы (Австрия) Илимий борбор тарабынан, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. 

Ачылышында Фонддун башчысы Р.И.Отунбаева, Австриянын биринчи айымы Маргарит Фишер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министири К.Ж.Садыков сөз сүйлөшөт. Семинардын максаты – табигый-илимий жаатындагы химия, физика, биология жана география мугалимдеринин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана тажырыйба алмашуу. 

Семинарда Кыргызстандын бардык областтарынан 30 педагог катышат. 

Вена шаарындыгы Илим борбору Австриянын биринчи айымы Маргарит Фишер тарабынан негизделип, жаштар жана балдар арасында илимди пропагандалоо иштерин жүргүзгөн илимий борборлордун тармагын элестетет. Борбордун бардык иш-чаралары австриялыктардын жаш муунун илим жана техналогияларга кызыктырууга, күнүмдүк турмушта илимдин маанилүүлүгүн көрсөтүүгө багытталган. 

Борбордо балдардын өздөрү өткөрүп жаткан жөнөкөй тажырыйбалары, эксперименттери алардын дүйнө таанымын кенейтип, кызыгуусун өрчүтүп, анализ жүргүзүп жыйынтык чыгарганды үрөтөт жана жөнөкөй көрсөтмө мисалдардын негизинде эле илимий процесстерди түшүндүрөт. 

Кыргызстан үчүн бул тажырыйба мектеп программасында жана мектептен тышкры деле кымбат баалуу заттарды колдонбостон, эксперименталдык илимди өнүктүрүү мүмкунчүлүктөрүн көрсөтөт. Бардык тажырыйбалар балдар үчүн коопту эмес жана айлана-чөйрөгө зыян алып келбейт. 

Семинар И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (II корпус) конференц-залында өткөрүлөт. Дареги: Разаков көч. 51А (Киев көч. кесилишинде). 

Семинардын өткөрүү убактысы – 9:30-16.00. 

Кененирээк маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунан +312 660 382, 0772 800 376 телфондору боюнча алсаңыздар болот.