Жалал-Абадда Р.Отунбаеванын катышуусундагы форумда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзүлүүдө

April 3, 2015, 06:00

Бүгүн, 3-апрелде Жалал-Абад шаарында экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Аялдардын коомдогу ролу» форуму өтүп жатат. Учурда иш-чаранын катышуучуларына кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөгө коюлган буюмдары көргөзүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.  Бул форумга жалпысынан 400дөн ашуун кыз-келиндер катышууда. Форумга Ысык-Көл, Баткен, Ош облустарындагы аялдар кеңешинин төрайымдары да келди.

Turmush