КР экс-президенти Р.И.Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапары

April 3, 2015, 06:00

2015-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева Жалал-Абад шаарында Т.Тыныбеков атындагы Филармонияда өтүүчү «Аялдардын коомдогу орду» аталыштагы областтык аялдардын форумуна катышып сөз сүйлөйт. Ал өз сөзүндө аталган аймактагы айымдардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана алардын ролуна токтолуу менен бүгүнку кундөгу аялзатынын коомдогу орду тууралуу маселелерге көңүл бурат.


Бул иш чарага облусттун аймагындагы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, жигердүү кыз-келиндер, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.


Форумдун жүрүшундө аялдардын билим алуусу, экономикага кошкон салымы,жарандык коомду түптөөдөгү ролу, аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери талкууга алынмакчы.


Белгилей кетсек, бул аялдардын аймактык Форуму үстүбуздөгү жылдын 2-3-мартында болуп өткөн Улуттук Аялдар Форумундагы көтөрүлгөн маселелердин аз да болсо илгерилеп жаткандыгын айгинелейт.


Түштөн кийин Роза Исаковна Жалал-абад шаарында областтагы жайыт комитеттери менен жолугушат. Жолугушууда 2015-жылы областта жайлоо бала бакчаларын ачуу, жайлоо бала бакчаларынын кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдөгү жана ата-энелер менен иштөөдөгү орду талкууланат. Педагогдордун, чыгармачыл адамдардын салымы тууралуу сөз болот.


Ушул эле күнү, Сони корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” ассоциациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын дүйнөгө кеңири таанымал “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин кыргыз тилинде чыгарылышынын презентациясы болот. Китеп, Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фонду тарабынан которулуп, чыгарылган.


Масару Ибука кенже курактагы балдар менен алгачкы күндөн баштап жакындан алектенүү зарыл экендигин белгилейт. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Балдар төрөлгөн күндөн баштап, үйрөнүүгө, өнүгүүгө абдан ынтызар экендигин турмуштук мисалдардын негизинде айтып берет.


Бул иш-чарага Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, областтагы райондордун жетекчилери Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин жана медициналык окуу жайынын мугалимдери, бала-бакчанын жетекчилери, педагогдор катышышат. Андан тышкары Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорунан келген жайыт комитеттеринин мүчөлөрү катышышат. Презентация саат 15:00 дө Жалал-Абад шаарындагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлүнүн имаратында өтөт.


Презентациядан кийин Билим берүү мекемелерине чектелген нускада “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Үч жаштан кийин кеч” китеби белекке берилет.

 

Кошумча маалымат үчун Шайдуллаева Топчугүл

Медиа координатор Фонда “Р.Отунбаеванын демилгеси” 0772 85 57 10