Студенттер мындай лекцияларды өз жетекчилигинен жума сайын талап кылууга тийиш, – Р.Отунбаева Индиянын экс-элчисинин лекциясы жөнүндө

March 31, 2015, 06:00

Студенттер мындай лекцияларды өз жетекчилигинен жума сайын талап кылууга тийиш, - деп айтты 31-мартта «Плюралисттик коомго карабастан Индиянын мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзү» деген ачык лекцияда экс-президент Роза Отунбаева.

 

Лекция Кыргыз Улуттук университетинде өттү, ал жерге ЖОЖдун студенттерине атайын сөз сүйлөп берүү үчүн Индиянын Казакстандагы, Швециядагы жана Латвиядагы экс-элчиси Ашок Саджанхар келди.

 

Иш-чарага ошондой эле ички иштер министри Мелис Турганбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, Индиянын КРдагы элчиси Джаянт Намдеорао Кхобрагадзе, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу Эрмек Усекеев жана башкалар катышты.

 

А.Саджанхар колонизациядан бошонгондон кийин Индиянын демократияга карай жолу жөнүндө, өлкөнүн ар түрдүүлүгү жөнүндө, «өзүнүн байлыгы менен адамдарды, ошол эле Колумбду жана башкаларды дайыма тартып келгендиги жөнүндө» айтып берди.

 

«Студенттер мындай лекцияларды жума сайын талап кылууга тийиш, анткени 1,3 млрд. калкы бар Индия абдан кызыктуу өлкө болуп саналат», – деди Р.Отунбаева.