Ар кошкон коом эсептелген Индияда стабилдүүлүк кантип сакталууда?

March 31, 2015, 06:00

Көп тилдүү, көп диндүү жана ар кандай коомчулуктардан турган Индиянын башкаруусу, туруктуулугу, коопсуздугу тууралуу бул өлкөнүн дипломаттары Бишкекте лекция өтүштү.


Алардын бири Индиянын Казакстандагы, Швециядагы жана Латвиядагы мурдагы элчиси, учурда өз өлкөсүндө Диний шайкештик боюнча улуттук фонддо иштеген Ашок Саджанхар дүйнөдө терроризм маселеси курчуп турганда Индияда андай уюмдардын мүчөсү жокко эсе дейт.


“Акыркы он-он эки жылдан бери терроризм активдүү талкууланган маселе болуп жатат. Индия дүйнөдө исламды тутунгандардын саны боюнча экинчи ири өлкө. Ага карабай ар кандай террористтик уюмдардан, террордук акттардан индиялыктардын аты чыкпаганы терроризмдин исламга тиешеси жок экенин далилдейт. Бул маселеде билим берүү маанилүү ролду ойнойт. Бизде окутууда руханий баалуулуктарды кошо бергенге аракет кылышат”, - деди Саджанхар.


Индиянын калкынын саны бир миллиард үч миллионго чукул. Дипломат дүйнөнүн ар тарабынан тарапташ топтоп жаткан “Ислам мамлекети” тобуна бул өлкөдөн 2-4 кишинин кошулуп кеткени тууралуу гана маалымат тараганын кошумчалады.

 

Ашок Саджанхар бир эле аймактан бөлүнгөн Пакистан менен Индиянын айырмасына, Пакистандын учурда террористтерди даярдаган очокко айланып калуусуна токтолду. Айтымында, аймак эки мамлекетке бөлүнгөндө Пакистанга бай жерлер тийген, ал жерде калктын социалдык түзүлүшү көп түрдүү эмес болчу. 1947-жылы эки өлкө тең эгемендүүлүгүн алган. Ал учурда Индияда сабаттуулук 30 пайыздын тегерегинде болсо, азыр ал 75 пайыздан ашкан. Ал эми Пакистанда 50 пайыздай болуп калууда. Дипломат Индияда билим берүүдөн сырткары, көп түрдүү топтордун арасында диалог куруу жакшы ишке ашып жатканын, түрдүү диндерге жана тилдерге бирдей маани берилгенин белгиледи.


Саджанхардын айтымында, Индияда өкмөт башчы мусулман болсо, анын орун басарлары башка динден же президент буддист болсо орун басары христиан болуп келген. Алардын коомунда ар кандай социалдык топ өз идентификациясын билет. Ошону менен бирге ички дүйнөнүн баалуулуктары, философия, дин жана светтик билим кошо окутулган бул коомдо тараптар башкалардын өзгөчөлүгүн сыйлайт, майрамдарын чогуу белгилейт.


Англиянын колониясы болуп турган учурда Индиянын дүйнөлүк экономикага кошкон салымы нөлгө тете болсо, азыр 20 пайыздан ашты. Бул дагы өлкөдөгү билим берүү системасына жана стабилдүүлүккө көз каранды.


Саджанхар коомдогу биригүүнү, чыныгы демократияны ишке ашырууда аялдардын ролу маанилүү, алардын таасири күчтүү экенин кошумчалады.

ВВС.Кыргыз кызматы