Ошто «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ачылышы болду

March 29, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 27-мартында Ош шаарындагы Улуттук корук музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачты. Белгилеп кетели, ал 2015-жылдын 30-апрелине чейин уланат.

 

Ачылыш күнү мейман катары музейдин директору А. Тургунбаев, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Германиянын КРдагы Элчилигинин маданият жана коомчулук менен байланыш маселелери боюнча экинчи катчысы Вольфганг Ханс Эмингер, тарыхчылар коомунун жетекчиси Т.Чоротегин, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Б.Нурмамбетов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү О.Аширов, Ош облусунун немецтер Кеңешинин төрагасы В.Вьюгин, Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Исаков жана облустун башка расмий адамдары, ошондой эле региондун кеңири коомчулугу катышты.

 

Көргөзмөнүн көркөм образы – бул жаңы Мекенге ээ болууга карай жол. Кыргызстандын жери көчүп келген немецтер үчүн дал Мекен, үй болуп калды. Көргөзмөнүн негизги максаты – КР немецтеринин тарыхын жана өлкөнүн экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө алардын салымын Кыргызстандын кеңири коомчулугуна тааныштыруу, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу.

 

Көргөзмөнүн экспозициясы төмөнкүдөй эки темадан турат:

1. ХIХ – ХХ кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстан жашаган жагдайдагы тарыхый процесстер.

2. Кыргызстандын тарыхы үчүн салымы баа жеткис мааниге ээ болгон немецтер.

 

Көргөзмөнү даярдоо жана уюштуруу боюнча өнөктөр болуп «Кыргызстан немецтеринин Элдик кеңеши», Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Гёте-Институту, К. Аденауэр Фонду, «Интергласс» компаниясы саналат.

 

Өз кезегинде Германиянын Элчилиги Кыргызстан немецтеринин Элдик кеңеши менен бирикте Немец киносунун күндөрүн ушул иш-чарага туш келтирүүнү чечкен. Алсак, түштүк борбордо 27- жана 28-мартта «Ак-Буура» кинотеатрында «Гудбай, Ленин!», «Берн керемети», «Софи Шоллдун акыркы күндөрү», «Башкалардын турмушу» сыяктуу белгилүү картиналар көрсөтүлдү. Фильмдерди көрсөтүү орус тилиндеги субтитрлери менен немең тилинде өттү.

 

Кошумча маалымат үчүн 0312 66 03 82, 0312 66 03 68 телефондору боюнча жана office@roza.kg электрондук дареги боюнча кайрылууну өтүнөбүз.