2015-жылдын 27-мартында Ош шаарында «Үч жаштан кийин кеч» китебинин презентациясы болуп өттү

March 28, 2015, 06:00

2015-жылдын 27-мартында Ош шаарында М.Горький атындагы орто мектепте Сони корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” ассоциациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын дүйнөгө кеңири таанымал “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин кыргыз тилинде чыгарылышынын презентациясы болуп өттү. Презентациялоону “Р.И.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева өткөрдү.


Масару Ибука кенже курактагы балдар менен алгачкы күндөн баштап жакындан алектенүү зарыл экендигин белгилейт. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Балдар төрөлгөн күндөн баштап, үйрөнүүгө, өнүгүүгө абдан ынтызар экендигин турмуштук мисалдардын негизинде айтып берет.


Китеп,Кыргыз Республикасынын Экс-призиденти Роза Отунбаеванын демилгеси менен Мусару Ибуканын небересинен уруксат алынган жана “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун координаторуАсылбек Жоодонбеков тарабынан которулуп, аталган фонд тарабынан чыгарылган.


Бул китеп 2-3 мартта өткөн "Кыргызстан Аялдарынын Улуттук форумунда" 1200 аялзатына бекер таратылган.


Иш-чарага Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын начальниги Куштарбек Кимсанов, Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, Ош шаарынан жана Кара-Суу районунан келген бала бакчалардын башчылары, ошондой эле шаардын тургундары катышты. Презентация соңунда катышуучуларга китеп таратылып берилди.


Презентациядан кийин Ош шаардык жана Кара-Суу райондук бала бакчаларга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “үч жаштан кийин кеч” китеби белекке берилет.